Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • es26 37—46-бб.
  • Апрель

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Апрель
  • Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2026
  • Бөлүмчөлөр
  • Шаршемби, 1-апрель
  • ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН КҮН
    Күн баткандан кийин
    Бейшемби, 2-апрель
  • Жума, 3-апрель
  • Жекшемби, 4-апрель
  • Жекшемби, 5-апрель
  • Дүйшөмбү, 6-апрель
  • Шейшемби, 7-апрель
  • Шаршемби, 8-апрель
  • Бейшемби, 9-апрель
  • Жума, 10-апрель
  • Ишемби, 11-апрель
  • Жекшемби, 12-апрель
  • Дүйшөмбү, 13-апрель
  • Шейшемби, 14-апрель
  • Шаршемби, 15-апрель
  • Бейшемби, 16-апрель
  • Жума, 17-апрель
  • Ишемби, 18-апрель
  • Жекшемби, 19-апрель
  • Дүйшөмбү, 20-апрель
  • Шейшемби, 21-апрель
  • Шейшемби, 22-апрель
  • Бейшемби, 23-апрель
  • Жума, 24-апрель
  • Ишемби, 25-апрель
  • Жекшемби, 26-апрель
  • Дүйшөмбү, 27-апрель
  • Шейшемби, 28-апрель
  • Шаршемби, 29-апрель
  • Бейшемби, 30-апрель
Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2026
es26 37—46-бб.

Апрель

Шаршемби, 1-апрель

Атамдын эрки боюнча, анын Уулун кабыл алып, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүр сүрүшү керек (Жкн. 6:40).

Исанын каны менен денеси жөнүндө айтылгандар түбөлүк өмүр алыш үчүн анын курмандыгына ишениш керектигин билдирет (Эф. 1:7). Иса «башка койлор» деп атагандар жыл сайын анын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулганда нан менен шараптан ооз тийбейт жана ооз тийбеши да керек (Жкн. 10:16). Анткен менен алар «өмүр нанынан» ооз тийишет. Башкача айтканда, Исанын куткаруу курмандыгына жана анын аркасында укмуштуудай нерселерге жол ачылганына ишенишет (Жкн. 6:53). Ал эми нан менен шараптан ооз тийгендер Кудайдын Падышалыгынын мураскорлору катары жаңы келишимге кирерин көрсөтүшөт. Майланганбызбы же башка койлордонбузбу, Исанын курмандыгына ишенсек, түбөлүк өмүр алабыз! w24.12 13-б., 14, 16-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китепти окуу: (12-нисан, күндүз болгон окуялар) Матай 26:1—5, 14—16; Лука 22:1—6

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН КҮН
Күн баткандан кийин
Бейшемби, 2-апрель

Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге өзүнүн Падышалыгын берүүнү туура көрдү (Лк. 12:32).

Иса Эскерүү кечесин негиздеп жатканда ачытылбаган нанды элчилерине узатып, бул анын денесин билдирерин айткан. Шараптын болсо «келишимдин канын» билдирерин айткан (Мр. 14:22—25; Лк. 22:20; Кор. 1-к. 11:24). Ал жаңы келишим «Кудайдын Падышалыгында» башкара турган «[рухий] Ысрайыл үйү» менен түзүлгөн (Евр. 8:6, 10; 9:15). Исанын Эскерүү кечесинде айткан сөздөрү «кичине оторго» эле тиешелүү болгон. Ал топко биринчилерден болуп, Иса менен чогуу бир бөлмөдө отурган ишенимдүү элчилери кирген. Алар Иса менен чогуу асманда башкарат. w24.12 11-б., 9, 10-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (13-нисан, күндүз болгон окуялар) Матай 26:17—19; Марк 14:12—16; Лука 22:7—13 (14-нисан, күн баткандан кийинки окуялар) Жакан 13:1—5; 14:1—3

Жума, 3-апрель

Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк жашасын деп берди (Жкн. 3:16).

Исага досторунун бири чыккынчылык кылып, душмандардын колуна салып берген. Алар аны басынтышкан, кордошкон, жалган айып тагышкан жана өлүм өкүмүн чыгарышкан. Жоокерлер болсо аны жаза устунуна кадашкан. Исанын ошентип жаны сыздап жатканын асмандан Атасы жүрөгү тилинип карап турган. Жахаба кийлигишип, Уулунун азап чеккенин токтотуп коё алмак. Бирок анткен эмес. Эмне үчүн? Бизди сүйгөнү үчүн. Жахаба Исаны биз үчүн берип, бизди канчалык жакшы көрөрүн далилдеген. Ал өзөгү өрттөнсө да, сени күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн, өзүнүн жанындай жакшы көргөн Уулун аяган эмес (Жкн. 1-к. 4:9, 10). Ооба, ал ар бирибизге күнөө менен болгон кармашта жеңүүчү болуп чыкканга жардам бергиси келет! w24.08 6-б., 13, 14-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (14-нисан, күндүз болгон окуялар) Жакан 19:1—42

Жекшемби, 4-апрель

Машаяк да силер үчүн азап тарткан (Пет. 1-к. 2:21).

Жахабага кун төлөш канчалык оор болгону жөнүндө ой жүгүртсөк, анын бизди абдан жакшы көрөрүн көбүрөөк түшүнө алабыз. Шайтан Жахабанын бир да кызматчысы башына мүшкүл түшкөндө ага берилгендигин сактабайт деп ырастайт. Шайтандын калпычы экенин далилдеш үчүн Жахаба Исанын азап чегип өлүшүнө жол берген (Аюп 2:1—5). Ал жанындай жакшы көргөн Уулун душмандардын мазактап жатканын, жоокерлердин аёосуз сабап, андан соң устунга кадаганын асмандан карап турган. Анан Исанын жаны көзүнө көрүнүп, өлүм менен беттешип жатканын да көргөн (Мт. 27:28—31, 39). Жахаба кийлигишип, ошонун баарын токтотуп койгонго кудурети жетмек. (Мт. 27:42, 43). Бирок, эгер Жахаба кийлигишсе, анда кун төлөнбөй калмак. Биз болсо үмүтсүз абалда калмакпыз. Ошондуктан Жахаба Уулунун акыркы деми чыкканга чейин азап чегишине жол берген. w25.01 22-б., 7-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (15-нисан, күндүз болгон окуялар) Матай 27:62—66 (16-нисан, күн баткандан кийинки окуялар) Жакан 20:1

Жекшемби, 5-апрель

Ал... 40 күндүн аралыгында аларга көп жолу көрүнгөн (Элч. 1:3).

Биздин замандын 33-жылы, 16-нисан. Исанын шакирттери бир четинен өзөгү өрттөнүп, күйүт тартышса, бир четинен коркуп, үрөйү учууда. Эки шакирт Иерусалимден чыгып, Эмаусту көздөй бет алышат. Жолдо алар менен бир киши катарлаш басып калат. Ичи арманга толгон шакирттер ага Устатынын эмне болгонун айтып берет. Жолоочу болсо алар менен талкуу жүргүзүп кирет. Анын айткандары эки шакирттин жүрөгүн көзөп өтөт. Ал «Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап» Машаяктын эмне себептен азап тартып, өлүшү керек болгонун түшүндүрүп берет. Анан үчөө Эмауска жеткенде, жолоочу өзүнүн тирилген Иса экенин айтат (Лк. 24:13—35). Иса жердеги жашоосунун акыркы 40 күнүндө шакирттерине көп жолу көрүнгөн. Ал ошол убакыт аралыганда көңүлү чөгүп, коркуп калган шакирттеринин ишенимин бекемдеген. Ошонун аркасында алар кайрадан кубанып, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кайраттуулук менен айтканга бел байлап калышкан. w24.10 12-б., 1—3-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (16-нисан, күндүз болгон окуялар) Жакан 20:2—18

Дүйшөмбү, 6-апрель

Абдан ыйык ишенимиңердин аркасында чыйралгыла (Жүй. 20).

Баланын убакыттын өтүшү менен чоңоюп бойго жетери турган иш. Бирок рухий жактан жетилиш үчүн күч-аракет жумшашыбыз керек. Байыркы Корунттагы жыйналышты мисалга алалы. Алар жакшы кабарды угушкан, чөмүлүп, ыйык рух алышкан. Андан сырткары, элчи Пабыл аларды жеке өзү окутуп-үйрөткөн (Элч. 18:8—11). Анткен менен чөмүлгөндөн кийин жылдар өтсө да, көбү дагы деле рухий жактан бала бойдон калган (Кор. 1-к. 3:2). Рухий жактан өсүп-жетилиш үчүн муну адегенде өзүбүз каалашыбыз керек. «Тажрыйбасыздыкты жакшы көргөндөр» рухий жактан ымыркай бойдон калгысы келет. Андайлар эч качан өсүп-жетилбейт (Накыл 1:22). Биз жоопкерчиликтен качкан, алардын ордуна ата-энеси чечим чыгарган кишилердей болгубуз келбейт. Анткендин ордуна, Жахаба менен болгон мамилебизди өзүбүз чыңдагыбыз келет. Эгер рухий жактан жетилүүгө умтулуп жатсаңар, анда Жахабадан силерге «каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү беришин» сурап, тиленгиле (Флп. 2:13). w24.04 4-б., 9, 10-абз.

Шейшемби, 7-апрель

Жахаба... эч кимдин өлүшүн каалабайт (Пет. 2-к. 3:9).

Жахаба Ыйык Китеп аркылуу адамдарды соттогондон ырахат албай турганын ачып берген (Жез. 33:11). Жахаба эч кимди орчундуу себеп болбосо, түбөлүккө жок кылгысы келбейт. Ал абдан ырайымдуу жана мүмкүн болгон жагдайлардын баарында адамдарды аяйт. Кудай тирилтпей турган адамдар жөнүндө эмнелерди билебиз? Ыйык Китепте ошондой адамдардын бир нечеси жөнүндө эле жазылган. Мисалы, Иса Жүйүт Искариоттун тирилбей турганын айткан (Мр. 14:21; Жкн 17:12). Анткени ал Жахабага жана анын Уулуна билип туруп, каршы чыккан (Мр. 3:29). Ошондой эле Иса ага каршы чыккан айрым диний жетекчилер тирилбей турганын айткан (Мт. 23:33). Элчи Пабыл да чындыктан четтеп кеткен жана ошон үчүн өкүнбөгөн адамдардын тирилбей турганын эскерткен (Евр. 6:4—8; 10:29). w24.05 4-б., 10, 11-абз.

Шаршемби, 8-апрель

Жахаба ишенимдүүлөрдү сактайт (Заб. 31:23).

Жахабага ынак болсок, Шайтан бизге орду толгус зыян келтире албайт (Жкн. 1-к. 3:8). Жаңы заманда деле Кудайыбыз ишенимдүү досторун аны менен болгон мамилесине доо кетире турган нерселерден коргой берет. Мындан сырткары, өлүмдөн да куткарат (Аян 21:4). Албетте, Жахабанын чатырында конок болуу абдан чоң сыймык. Анткени мунун аркасында аны менен түбөлүккө дос боло алабыз (Жез. 37:27). Жахабанын чатырында дайыма конок болгубуз келсе, эмне кылышыбыз керек? Эгер кимдир бирөө үйүнө чакырса, ага эмне жагарын, эмне жакпай турганын билгенге аракет кылмакпыз. Ошол сыңары, Жахаба да өзүнүн конокторунан эмнелерди талап кыларын билгибиз келет. Аны жакшы көргөндүктөн ага «бардык жагынан жакканга» колубуздан келишинче аракет кылабыз (Кол. 1:10). Биз ага дайыма кастарлап мамиле кылышыбыз керек. Терең урматтагандыктан аны капа кыла турган иштерден качабыз. Анын ордуна, Кудайдын алдында жөнөкөй, момун болгонго умтулабыз (Мик. 6:8). w24.06 4-б., 8, 9-абз.

Бейшемби, 9-апрель

Ал... кылмышкерлерге болушту (Ыш. 53:12).

Жахаба Ыбрайымга уулу Ыскакты курмандыкка чалышы керектигин айткан. Муну укканда пайгамбардын жүрөгү тилинсе керек. Ошентсе да ал Кудай айткандай кылганга бел байлаган. Ал уулун мына-мына мууздаганы жатканда, Жахаба аны токтотуп калган. Бул окуя аркылуу Жахаба келечекте эмне кыларын көрсөткөн. Ал адамдарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн өзүнүн сүйүктүү Уулун курмандыкка чалмак (Башт. 22:1—18). Бир топ кылым өткөндөн кийин Жахаба ысрайыл элине Мыйзам берген. Ага ылайык, эл күнөөлөрү кечирилиши үчүн курмандык чалышы керек болгон (Леб. 4:27—29; 17:11). Алар Жахабанын келечекте адамзатты күнөөдөн толугу менен арылта турган курмандык чаларын эстетип турган. Пайгамбарлар ыйык рухтун жетеги менен убадаланган «тукумдун» — Кудайдын Уулунун — адамзатты, анын ичинде сени күнөө менен өлүмдөн бошотуш үчүн кордолуп, өлтүрүлөрүн айтышкан (Ыш. 53:1—12). w24.08 4-б., 7, 8-абз.

Жума, 10-апрель

Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм! Ал жөнүндө эртеден кечке ой жүгүртөм (Заб. 119:97).

Ыйык Китепти окуганда окуп-билгендериңерди кантип колдонуп жатканыңарга да көңүл бургула. Кайсы бир үзүндүнү окугандан кийин: «Бул маалыматты азыр же жакында кантип колдонсом болот?» — деп ойлонуп көргүлө. Мисалга Тесалоникалыктарга 1-кат 5:17, 18ди алалы. Аны жаңы эле окудуңар дейли. Анан: «Мен канчалык көп тиленем? Жахабага жүрөгүмдөгүнүн баарын айтамбы?» — деп ойлонгула. Ошондой эле эмнелерге ыраазы экениңер жөнүндө ой жүгүрткүлө. Балким, Жахабага кайсы бир жакшылыгы үчүн ыраазычылык айтам деп чечип алаттырсыңар. Ушинтип бир нече эле мүнөт бөлсөңөр, Жахабанын Сөзүндө жазылгандарды түшүнүп, аткарганга түрткү аласыңар. Ыйык Китепти окуган сайын ушинте берсеңер, чоң пайда аласыңар. Убакыт өткөн сайын Жахабанын мыкты кызматчысы болосуңар. w24.09 4, 5-б., 9, 10-абз.

Ишемби, 11-апрель

Эмгегибиз текке кетпеши үчүн, эмне кылып жатканыңарга көңүл буруп, сак болгула, ошондо Кудайдан сыйлыгыңарды толугу менен аласыңар (Жкн. 2-к. 8).

Жахаба бизди өзгөчө жөндөм менен жараткан. Кимдир бирөө бир нерсе бергенде кубансак да, биз башкаларга бир нерсе бергенде андан да көбүрөөк кубанабыз. Ишенимдештерибизге жардамыбыз тийсе, сүйүнүп калабыз. Эгер алар ыраазычылык билдирсе, ого бетер сүйүнөбүз. Бирок башкалар рахмат айтабы, жокпу, туура нерсени кылып жатканыбызды билгендиктен, кубанычыбыз кемибейт. Жахабага эмне бербейли, Жахаба бизге «андан да көптү» бере аларын унутпайлы (Жыл. 2-к. 25:9). Андан бул жагынан эч качан аша албайбыз. Жахаба жакшылыгыбызды ашыгы менен кайтарып бере алат. Бул биз үчүн эң чоң сыйлык эмеспи? Келгиле, анда мындан ары да асмандагы берешен Атабызды туурай берели. w24.09 31-б., 20, 21-абз.

Жекшемби, 12-апрель

Оо, Жахаба Кудайым, сени бүт жүрөгүм менен даңазалайм, ысмыңды түбөлүккө даңктайм (Заб. 86:12).

Жахаба ырайымдуу жана боорукер (Заб. 103:13; Ыш. 49:15). Биз кыйналганда, ал да кыйналат (Зак. 2:8). Өзү менен дос боло алышыбыз үчүн жол ачып койгон (Заб. 25:14; Элч. 17:27). Ошондой эле Жахаба абдан момун. «Ал асман менен жерди караш үчүн эңкейет, бей-бечараны топурактан тургузат» (Заб. 113:6, 7). Ушунун баарын билгендиктен улуу Кудайыбызды кантип даңктабай коёбуз?! Биз Жахабаны башкалар ал жөнүндө билишин каалагандыктан даңктайбыз. Көптөр Жахаба жөнүндөгү чындыкты билбейт. Эмне үчүн? Анткени Шайтан ал жөнүндө төбө чачты тик тургузган калпты жайылтып, адамдардын акылын сокур кылып койгон (Кор. 2-к. 4:4). Мисалы, Шайтан көптөрдү Жахаба мыкаачы, кайдыгер, дүйнөдөгү азап-кайгынын баарына ал себепкер дегенге ишендирип келет. Бирок биз Кудайыбыз жөнүндөгү чындыкты билебиз. Ошондуктан Жахабанын кандай Кудай экенин айтып бергенге жана аны даңктаганга мүмкүнчүлүк түзүлсө, коё бербейбиз (Ыш. 43:10). w25.01 3-б., 6, 7-абз.

Дүйшөмбү, 13-апрель

Бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн... Шайтан (Аян 12:9).

Кудайдын Уулу Иса жеткилең болсо да жана укмуштуудай кереметтерди жасаса да, Шайтан айрым кишилерди колдонуп, ал тууралуу жалган сөздөрдү тараткан. Мисалы, диний жетекчилер Исаны жиндерди «жиндердин башчысынын» жардамы менен кууп жатат деп айыпташкан (Мр. 3:22). Иса өлөр алдында соттолуп жатканда, диний жетекчилер ага Кудайга акарат келтирди деген айып тагып, жүйүттөрдү аны өлтүрүүнү талап кылганга көкүтүшкөн (Мт. 27:20). Кийинчерээк Исанын шакирттери жакшы кабар айта баштаганда, каршы чыккандар элди аларды куугунтуктаганга тукурушкан (Элч. 14:2, 19). Элчилер 14:2ге байланыштуу «Күзөт мунарасынын» 1998-жылы 1-декабрда чыккан санында мындай ой жазылган: «Исанын жолдоочуларына каршы болгон жүйүттөр алар тараткан кабарды четке кагып эле тим болгон эмес. Алар башка элдер да шакирттерди укпаш үчүн, аларды жек көрүп калыш үчүн ар кандай ушактарды таратышкан». Шайтан бүгүнкү күндөдагы деле «бүт жер жүзүн адаштырып жүрөт». w24.04 11-б., 15, 16-абз.

Шейшемби, 14-апрель

Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле? (Башт. 18:25).

Адамдын түбөлүктүү келечеги анын качан өлөрүнөн көз каранды эмес. Биз Жахабанын жеткилең Сот экенин жана дайыма туура, адилеттүү чечим чыгарарын унутпашыбыз керек (Заб. 33:4, 5). «Жер жүзүнүн Соту» эч качан адилетсиздик кылбай турганынан шектенбейли. Андан тышкары, адамдын түбөлүктүү келечеги анын азыркы учурда каякта жашап жатканынан көз каранды эмес деп жыйынтык чыгарганыбыз акылга сыярлык. Мисалы, айрым өлкөлөрдө миллиондогон адамдардын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты билгенге мүмкүнчүлүгү жок. Жахабанын алардын баарын ошол өлкөлөрдө жашаганы үчүн эле автоматтык түрдө «эчки» деп эсептеп коёру мүмкүн эмес (Мт. 25:46). Жер жүзүнүн адилеттүү Соту аларга бизден да көбүрөөк күйүп-бышат. Биз Жахабанын улуу алаамат учурунда окуяларды кантип багыттаарын билбейбиз. Балким, Жахаба улуу алаамат учурунда өзүнүн ысымын бардык улуттардын алдында ыйыктаганда, айрымдар ал жөнүндө билип, ага ишенип, ал тарапты ээлеп калаттыр (Жез. 38:16). w24.05 12-б., 14, 15-абз.

Шаршемби, 15-апрель

Бири-бириңерди... сүйгүлө (Жкн. 15:12).

Жахабанын эли бири-бирин чын жүрөктөн сүйөт (Кор. 2-к. 8:4). Анткен менен муну иш жүзүндө далилдеш үчүн кээде кайраттуу болуш керек болот. Маселен, кайсы бир жерде согуш чыкканда аксакалдар боордошторун сооротуп-жубатышы, колдошу, рухий тамак же зарыл нерселер менен камсыз кылышы керек болот. Ишенимдештерин жакшы көргөндүктөн алар ушундай иштерди кылыш үчүн өз жанын садага чабышат. Ошондой жагдайларда биримдүү болгонубуз абдан маанилүү. Жергиликтүү филиал берген көрсөтмөлөргө тыгыз кармангыла (Евр. 13:17). Аксакалдар кырсык болгондо эмне кылса болоруна жана кырсыкка кантип даярданса болоруна байланыштуу көрсөтмөлөрдү дайыма кайталап турушу керек (Кор. 1-к. 14:33, 40). Кайраттуу, бирок сак болгула (Накыл 22:3). Ойлонуп иш кылгыла. Өмүрүңөрдү жөнү жок тобокелге салбагыла. Жахабага таянгыла. Жахаба силердин да, ишенимдештериңердин да аман-эсен болушуңарды каалаарын эсиңерден чыгарбагыла. Ал боордошторуңарга өмүрүңөрдү тобокелге салбай эле жардам бергенге көмөк кыла алат. w24.07 4-б., 8-абз.; 5-б., 11-абз.

Бейшемби, 16-апрель

Кыйналганда Жахабаны чакырдым... Жардам сурап зарлаганым кулагына жетти (Заб. 18:6).

Дөөтү Жахабанын кандай Кудай экенин билген жана ага таянган. Шабул жана башка душмандары аны өлтүрмөкчү болуп, артынан сая түшкөндө, ал Жахабадан жардам сураган. Кудай ага жооп берип, душмандарынан сактагандан кийин, Дөөтү: «Жахаба тирүү»,— деп айткан (Заб. 18:46). Бул сөздөрдү айтканда Дөөтү Кудайдын бар экенине ишенерин эле көрсөткөн эмес. Бир эмгекте Дөөтү Жахабанын «өз элине дайым жардам берген тирүү Кудай экенине» бекем ишенгени баса белгиленген. Ооба, Дөөтү башынан өткөндөрүнөн улам Жахабанын «тирүү Кудай» экенине көзү жеткен. Бул ага Жахабага андан ары да кызмат кылып, аны даңктай бергенге түрткү берген (Заб. 18:28, 29, 49). Жахабанын «тирүү Кудай» экенине бекем ишенгенибиз бизге ага бүт ынтабыз менен кызмат кылганга жардам берет. Ошондой эле кыйынчылыктарды көтөргөнгө күч берип, андан ары да Жахабага жан-дилибиз менен кызмат кылганга түрткү берет. Жахаба менен ынак болгонго да чечкиндүү болуп калабыз. w24.06 20, 21-б., 3, 4-абз.

Жума, 17-апрель

Силерди кимдир бирөө адаштырып кетпесин (Тес. 2-к. 2:3).

Элчи Пабылдын тесалоникалыктарга жазгандарын биз кантип колдоно алабыз? Ыйык Китепке дал келбеген же көптөрдү уу-дуу кылган нерселерди уксак, кыраакы болушубуз керек. Советтер Союзу учурунда болгон бир окуяга токтололу. Душмандар башкы башкармалыктын атынан кат жазып, ишенимдештерибизге таратып жиберген. Ал катта айрым ишенимдештерибиз өз алдынча бөлүнүп, көз карандысыз уюм түзгөнгө чакырылган. Кат уюмдан келгендей эле көрүнгөн. Бирок ишеними күчтүү боордошторубуз алданышкан эмес. Анткени алар катта жазылгандар ага чейин алган билимине дал келбей турганын байкашкан. Бүгүнкү күндө душмандар бизди адаштырыш үчүн жана бөлүп-жарыш үчүн кээде соцтармактарды же Интернетти колдонушат. Ошондой маалыматтарга шак эле ишенип, алданып калбай, уккан же окуган нерселерибиз Ыйык Китептен билгендерибизге шайкеш келеби, жокпу, ойлонуп көрүшүбүз керек. Ошондо өзүбүздү коргой алабыз (Тес. 2-к. 2:2; Жкн. 1-к. 4:1). w24.07 12-б., 14, 15-абз.

Ишемби, 18-апрель

Эгер кимдир бирөө күнөө кылып алса,.. жардамчыбыз... бар (Жкн. 1-к. 2:1).

Биз өмүрүбүздү Жахабага арнап, анын элине кошулганыбызда эң маанилүү чечим чыгарган болобуз. Жахаба ар бир адамдын ушинтишин каалайт. Эмне үчүн? Анткени аны менен дос болуп, түбөлүк жашаса экен дейт (Мыйз. 30:19, 20; Гал. 6:7, 8). Анткен менен Жахаба эч кимди өзүнө кызмат кылганга мажбурлабайт. Ал муну ар кимдин өзүнө койгон. Исанын чөмүлгөн жолдоочусу Кудайдын мыйзамын бузуп, олуттуу күнөө кетирип алсачы? Эгер ал өкүнбөсө, жыйналыштан чыгарылат (Кор. 1-к. 5:13). Ошентсе да Жахаба күнөө кылган адамдын ага кайрылып келеринен үмүт үзбөйт. Чынында, кун төлөгөнүнүн маанилүү себептеринин бири да ушунда болгон. Анткени ошонун аркасында Жахаба күнөөсү үчүн өкүнгөндөрдү кечире алмак. Ошондуктан мээримдүүлүгүнөн улам ал олуттуу күнөө кетиргендерди өкүнгөнгө чакырат (Зак. 1:3; Рим. 2:4; Жкп. 4:8). w24.08 14-б., 1, 2-абз.

Жекшемби, 19-апрель

Акылдуу болсоң, мен да кубанам (Накыл 23:15).

Жакан 3-катын жазып жаткан учурда айрымдар жалган окууларды таратып, жыйналышты бөлүп-жара баштаган. Бирок ошого карабай «чындык жолунда жүргөндөр» да болгон. Алар Жахабанын тилин алып, ал «берген осуятка ылайык» жашашкан (Жкн. 2-к. 4, 6). Аларды көрүп Жакан эле эмес, Жахабанын да сүйүнгөнү шексиз (Накыл 27:11). Биз эмнеге үйрөнө алабыз? Жахабага ишенимдүү бойдон калсак, өзүбүз да кубанычка бөлөнөбүз жана башкаларды да кубантабыз (Жкн. 1-к. 5:3). Алсак, Жахабага жаккан иш кылып жатканыбызды билгендиктен кубанычыбыз артат. Ал биздин бул дүйнө сунуштаган азгырыктарды четке кагып, чындык жолунда бекем жүргөнүбүздү көргөндө жүрөгү элжирейт. Асмандагы периштелер да кубанат (Лк. 15:10). Биз да боордошторубуздун ишенимин бек сактап жатканын көргөндө кубанычка бөлөнөбүз (Тес. 2-к. 1:4). Кийин, азыркы Шайтан башкарган дүйнө жок кылынганда, Жахабага берилген бойдон калганыбызга аябай сүйүнөбүз. w24.11 12-б., 17, 18-абз.

Дүйшөмбү, 20-апрель

Ар бир адам өзүнүн эмес, дайыма башканын пайдасын көздөсүн (Кор. 1-к. 10:24).

Сезимдериңди билдирерден мурун жактырган адамыңды канча убакытка чейин байкап жүрүшүң керек? Эгер шашып, эрте эле барып алсаң, сезимге алдыргандай көрүнүп калышың мүмкүн (Накыл 29:20). Же, тескерисинче, чоюп жүрүп алсаң, өзгөчө, тиги киши жактырарыңды байкап калса, чечкинсиздей көрүнүп калышың ыктымал (Нас. 11:4). Кимдир бирөөгө сөз айтсаң эле, бул аны менен сөзсүз баш кошушуң керек дегенди билдирбей турганын эсиңден чыгарба. Ошол эле учурда үй-бүлө курганга даяр бол. Ошондой эле тандаган кишиң менен отуңар күйүшүп кетерине көзүң жеткидей болсун. Эгер кимдир бирөөнүн сени жактырып жүргөнүн байкасаң, эмне кылсаң болот? Ага эч кандай сезимдериң жок болсо, муну иш-аракетиң менен айкын кыл. Аны курулай үмүттөндүрө бергениң таш боордукка жатып калмак (Эф. 4:25). w24.05 22, 23-б., 9, 10-абз.

Шейшемби, 21-апрель

Кайра келем да, жанымда болушуңар үчүн, силерди алып кетем (Жкн. 14:3).

Чындап майлангандар гана жана ишенимин сактагандар гана Иса менен асмандагы Падышалыкта башкарыш үчүн алынат. Рухий жактан сергек болбой калган майлангандардын эч кимиси Иса «тандагандар» менен бирге чогултулбайт (Мт. 24:31). Жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр да Исанын сергек туруу, ишенимдүү болуу жөнүндөгү сөздөрүн эсинде бек сакташы зарыл. Биз Жахабаны жакшы билгендиктен анын адилеттүү сот жүргүзөрүнөн шектенбейбиз. Эгер Жахаба биздин күндөрдө айрым ишенимдүү кызматчыларын асманда жашоого тандаса, жаман болбойбуз. Биз Исанын жүзүмзарга 11-саатта иштегенге келген жумушчулар жөнүндө айтканын эстейбиз (Мт. 20:1—16). Алар мурунку жумушчуларга караганда кечирээк келсе да, ошол эле эмгек акысын алышкан. Ошо сыңары, майлангандар, качан тандалбасын, эгер ишенимдүү деп табылса, асмандагы сыйлыгын алышат. w24.09 24-б., 15—17-абз.

Шейшемби, 22-апрель

Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так басканга аракет кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырган (Пет. 1-к. 2:21).

Иса адилетсиздикке кабылганда кантип жооп кайтарыш керектигине байланыштуу жеткилең үлгү калтырган. Ага башка адамдар да, атүгүл өз үйүндөгүлөрү да кандай мамиле кылганына көңүл буралы. Ага ишенбеген туугандары аны акылынан айнып калды десе, диний жетекчилер кереметтерди жиндердин жардамы менен кылат деп айыпташкан. Рим жоокерлери болсо аны мазактап, уруп-сабап, акыры, өлтүрүшкөн (Мр. 3:21, 22; 14:55; 15:16—20, 35—37). Исаны ушунчалык кордошсо да, ал баарына чыдаган, өч алганга умтулган эмес. Биз андан эмнеге үйрөнө алабыз? (Пет. 1-к. 2:21—23). Адилетсиздикке кабылганда эмне кылыш керектигин Исадан үйрөнсөк болот. Ал качан сүйлөп, качан унчукпай эле коюш керектигин билген (Мт. 26:62—64). Жалаа жабышканда кээде унчукпай эле койчу (Мт. 11:19). Бирок айтыш керек болгондо, айтчу. Ошентсе да аны куугунтуктагандарды басынтып же коркутуп-үркүткөн эмес. w24.11 4, 5-б., 9, 10-абз.

Бейшемби, 23-апрель

Машаяк... бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн келген (Тим. 1-к. 1:15).

Жакшы көргөн адамыңарга жакшынакай, пайдасы тие турган белек бердиңер дейли. Эгер ал белегиңерди бир жерге салып коюп, ошол бойдон кайра эч качан эстебесе, жаман болмок болушуңар керек. Ал эми белегиңерди жакшы колдонуп жатса жана ыраазы экенин улам-улам билдирип турса, ичиңер жылып, сүйүнмөксүңөр. Жахабанын белеги болгон кун тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал Уулун биз үчүн берген. Анын ошол баа жеткис белегине жана ал аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнө ыраазы экенибизди билдирсек, асмандагы Атабыз да аябай сүйүнөт! (Жн 3:16; Рм 5:7, 8). Бирок убакыттын өтүшү менен кунду өзгөчө белек катары көрбөй калышыбыз мүмкүн. Ошенткенибиз Кудайдын белегин көрүнбөгөн жерге салып, аны унутуп калганга эле окшошуп калмак. Антпеш үчүн Кудайдын жана Машаяктын биз үчүн эмнелерди кылганын эстеп, дайыма ойлонуп турушубуз керек. w25.01 26-б., 1, 2-абз.

Жума, 24-апрель

Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын көрүнгүдөй болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна (Тим. 1-к. 4:15).

Аксакал болууга умтулган киши «ишенимди жаңы кабыл алгандардан болбошу» керек. Албетте, бул чөмүлгөнүңөрдөн көп жыл өтүшү керектигин билдирбейт. Негизгиси, Машаяктын жетилген жолдоочусу болушуңар кажет. Аксакал болгусу келгендер, Исага окшоп, момун, чыдамдуу болуп, Жахаба сыймыктуу жоопкерчиликти тапшырганга чейин маанайын суутпай күтөт (Мт. 20:23; Флп. 2:5—8). Берилгендигиңерди сактаарыңарды Жахабага ишенимдүү бойдон калып, анын адил талаптары боюнча жашап жана анын уюму берген көрсөтмөлөргө бекем карманып көрсөтө аласыңар. Ыйык Китепте аксакалдардын «окутууга жөндөмдүү» болушу керектиги айтылат. Бул тилиңерден чаң чыккан баяндамачы болушуңар керектигин билдиреби? Жок. Аксакалдардын баары эле сөзмөр баяндамачы эмес. Бирок алар кабар айтканда же кайтаруучулук жолугууга барганда Ыйык Китепти колдонуп жакшы окута алышат жана ишенимдештерин бекемдей алышат. w24.11 23, 24-б., 14, 15-абз.

Ишемби, 25-апрель

Мен осуяттарыңды алтындан да, таза алтындан да жакшы көрөм (Заб. 119:127).

Жакшы түшүнбөй калган жерлериңер болсо, Ыйык Китепти дагы тереңирээк казып көргүлө. Анан бир күн бою жаңы билген нерсеңер жөнүндө, ошондой эле андан Жахаба, Иса жана алардын силерге көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө эмнелерди биле аларыңарды ойлонгула (Заб. 119:97, шилт.). Ыйык Китепти окуп же изилдеген сайын, жаңы же кызыктуу нерсе таба албай калсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Силерди кандайдыр бир мааниде алтын издеген кишиге окшоштурса болот. Алтын издегендер, канча саат, канча күн кетпесин, кыпындай алтын табыш үчүн талыкпай күч жумшай берет. Алар үчүн алтындын бир бүртүгү да баалуу болгондуктан издегенин токтотушпайт. Ыйык Китептен тапкан ар бир кенчибиз андан бетер баалуу эмеспи!? (Накыл 8:10). Андыктан чыдамкай болуп, Ыйык Китепти күн сайын окуп-изилдей бергиле (Заб. 1:2). w25.01 25-б., 14, 15-абз.

Жекшемби, 26-апрель

Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле (Кол. 3:13).

Жахаба бизден көңүлүбүздү ооруткандарды кечиргенге даяр болушубузду күтөт (Заб. 86:5; Лк. 17:4; Эф. 4:32). Кимдир бирөөнүн, өзгөчө, жакын адамыбыздын айткан сөзү же кылган иши жүрөгүбүздү катуу жаралашы мүмкүн (Заб. 55:12—14). Ошонун айынан кээде жүрөгүбүзгө бычак сайылгандай болуп, кыйналышыбыз ыктымал (Накыл 12:18). Андайда сезимдерибизди басканга же көз жумуп койгонго аракет кылышыбыз мүмкүн. Бирок ошенткенибиз сайылган бычакты суурубай эле калтырып койгонго окшош болуп калмак. Ошол сыңары, сезимдерибизге көз жумуп койсок эле, жеңилдеп калам деп ойлобошубуз керек. Кимдир бирөө таарынтканда шак эле жинибиз келип кетери турган иш. Ыйык Китепте да каарданышыбыз мүмкүн экени айтылат. Бирок анда ошол сезимдерибиздин бизди бийлеп алышына жол бербешибиз керектиги эскертилет (Заб. 4:4; Эф. 4:26). Эмне үчүн? Анткени ачуулануу сезими болсо көбүнчө жакшылыкка алып барбайт (Жкп. 1:20). Бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: бирөө таарынтканда ачууланарыбыз кадимки эле нерсе, болгону, андан ары ачууга алдырабызбы, жокпу, өзүбүздөн. w25.02 15-б., 4—6-абз.

Дүйшөмбү, 27-апрель

[Акылмандык] ага ээ болгондордун өмүрүн сактайт (Нас. 7:12).

Иса бир мисал келтирип, эгер адам «Кудайдын көз алдында байыбай» эле, дүнүйө-мүлк топтосо, бул акылсыздыкка жатарын көрсөткөн (Лк. 12:16—21). Эртең эмне болорун эч кимибиз билбейбиз (Накыл 23:4, 5; Жкп. 4:13—15). Машаяктын жолун жолдогондуктан биз кошумча кыйынчылыктарга да туш болушубуз мүмкүн. Ошондуктан Иса атүгүл бүт мүлкүбүздөн баш тартканга даяр болушубуз керектигин айткан (Лк. 14:33). Исанын Жүйүт жеринде жашаган алгачкы жолдоочулары башынан ошондой кыйынчылыктарды өткөргөндө кубанычын бөксөрткөн эмес (Евр. 10:34). Бүгүнкү күндө да көптөгөн бир туугандарыбызга саясий маселелерде эч бир тарапты ээлебегени үчүн мүлкүнөн кечкенге же жумушунан кеткенге туура келет (Аян 13:16, 17). Аларга эмне жардам берет? Андай боордошторубуз Жахабанын: «Силерди эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деген убадасына бекем ишенет (Евр. 13:5). Албетте, эртеңки күндүн камын ойлобой койбойбуз. Бирок кандайдыр бир күтүлбөгөн кыйынчылыктарга туш болуп калсак, Жахабанын бизди колдооруна түк да шектенбейбиз. w25.03 29-б., 13, 14-абз.

Шейшемби, 28-апрель

Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды билген соң эми ушуну менен эле чектелбей, жетилгендикке умтула берели (Евр. 6:1).

Жахаба рухий жактан өзүңөр өскүлө деп таштап койбойт. Ал аксакалдарды жана бизди окутуп-үйрөтө турган ишенимдештерибизди берген. Алар бизге «жетилген адамдын деңгээлине, Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге», жеткенге көмөк кыла алат (Эф. 4:11—13). Ошондой эле «Машаяктын акылына» ээ болушубуз үчүн Жахаба ыйык рухун да берип келет (Кор. 1-к. 2:14—16). Мындан тышкары, ыйык рухтун жетеги менен төрт Инжилди жаздырып койгон. Андан Исанын кантип ой жүгүрткөнүн, эмнелерди айтканын жана кандай иштерди кылганын биле алабыз. Исаны ушул жактардан туурасаңар, анын жетилген жолдоочусу боло аласыңар. Рухий жактан жетилиш үчүн «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды калтырып», алга илгерилешибиз керек. Тагыраак айтканда, Машаяк жөнүндө башында билгендерибиз менен эле чектелип жүрө бербей, көбүрөөк билим алганга умтулушубуз кажет. w24.04 4, 5-б., 11, 12-абз.

Шаршемби, 29-апрель

Тунук ой жүгүртөсүң, бул сени сактайт, кыраакылык сени коргойт (Накыл 2:11).

Бизге күн сайын чечим чыгарганга туура келет. Алардын айрымдары — эртең менен эмне жейм же канчада жатам деген сыяктуу жөнөкөй эле чечимдер. Кээде болсо чечим чыгарыш кыйынга турат. Анткени алар ден соолугубузга, бактылуу болушубузга, жакындарыбызга же Жахабага кылган кызматыбызга таасир этиши мүмкүн. Биз чыгарган чечимдерибиздин өзүбүзгө да, үй-бүлөбүзгө да пайда алып келишин каалайбыз. Бирок, баарынан да, Жахабага жаккандай чечим чыгаргыбыз келет (Рим. 12:1, 2). Туура чечим чыгарганга жардам берген нерсе — маалымат топтоо. Бул эмне үчүн маанилүү? Олуттуу ооруга чалдыккан бейтаптын доктурга көрүнгөнү барганын элестетсең. Доктур бейтапты карабай же эч нерсе сурабай туруп эле дарылап кирет беле? Эч качан антмек эмес. Жакшыраак чечим чыгарыш үчүн сен да адегенде жагдайыңа байланыштуу маалымат чогулт. w25.01 14-б., 1—3-абз.

Бейшемби, 30-апрель

Жахаба күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң (Шем. 2-к. 12:13).

Жахабанын ырайымдуулугу жөнүндө эмнелерди билебиз? Ал «эч кимдин өлүшүн каалабайт» (Пет. 2-к. 3:9). Буга Жахабанын олуттуу күнөө кылгандарга ырайым кылганы далил. Алсак, Дөөтү падыша ойноштук кылып, киши өлтүрүп, Кудайдын алдында чоң күнөөгө баткан. Бирок ал чын жүрөктөн өкүнгөндө, Жахаба аны кечирген (Шем. 2-к. 12:1—12). Менаше падыша болсо дээрлик өмүрү өткөнчө төбө чачты тик тургузган иштерди кылган. Бирок Жахабанын алдында толук моюн сунганда, ал аны кечирген (Жыл. 2-к. 33:9—16). Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, эгер Жахаба кечиргенге негиз тапса, ошол кишиге ырайым кылат. Жахаба жаман иштери үчүн өкүнгөн Дөөтү, Менаше сыяктуу кишилерди сөзсүз тирилтет. w24.05 4-б., 12-абз.

    Кыргызча адабияттар (1997-2026)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2026 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү