Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • es26 26—36-бб.
  • Март

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Март
  • Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2026
  • Бөлүмчөлөр
  • Жекшемби, 1-март
  • Дүйшөмбү, 2-март
  • Шейшемби, 3-март
  • Шаршемби, 4-март
  • Бейшемби, 5-март
  • Жума, 6-март
  • Ишемби, 7-март
  • Жекшемби, 8-март
  • Дүйшөмбү, 9-март
  • Шейшемби, 10-март
  • Шаршемби, 11-март
  • Бейшемби, 12-март
  • Жума, 13-март
  • Ишемби, 14-март
  • Жекшемби, 15-март
  • Дүйшөмбү, 16-март
  • Шейшемби, 17-март
  • Шаршемби, 18-март
  • Бейшемби, 19-март
  • Жума, 20-март
  • Ишемби, 21-март
  • Жекшемби, 22-март
  • Дүйшөмбү, 23-март
  • Шейшемби, 24-март
  • Шаршемби, 25-март
  • Бейшемби, 26-март
  • Жума, 27-март
  • Ишемби, 28-март
  • Жекшемби, 29-март
  • Дүйшөмбү, 30-март
  • Шейшемби, 31-март
Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2026
es26 26—36-бб.

Март

Жекшемби, 1-март

Адам өлгөндө, күнөөсү кечирилет (Рим. 6:7).

Ыйык Китепте кээ бир адил адамдардын кийин ак жолдон тайып кеткени айтылат. Мисалга Сулайман падышаны алалы. Ал бала кезинен Жахабаны жана ага кантип сыйыныш керектигин жакшы билчү. Жахаба да ага батасын мол төккөн. Бирок кийинчерээк Сулайман жалган кудайларга сыйынып кеткен. Буга Жахаба абдан каарданган жана анын күнөөсүнүн айынан бүтүндөй ысрайыл эли бир канча кылым бою азап тарткан. Ошентсе да Ыйык Китепте Сулайман жөнүндө: «Ал ата-бабаларына кошулду»,— деп жазылган. Белгилей кетчү нерсе, анын ата бабаларынын арасында Дөөтү сыяктуу ишеними бекем кишилер да болгон (Пад. 1-к. 11:5—9, 43; Пад. 2-к. 23:13). Бирок Ыйык Китепте Сулайман тууралуу ушинтип айтылганы анын тирилерине кепилдик береби? Кудайдын Сөзүндө бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Ошондой эле өлгөндөрдүн баары сөзсүз тирилет дегенди билдирбейт. Мындайча айтканда, адам өлсө эле анын кайра жашаганга укугу бар деп айтканга болбойт. Тирилүү — мээримдүү Кудайдын белеги. Жахаба ошол белегин ага түбөлүк кызмат кылганга мүмкүнчүлүк бергиси келгендерге гана ыйгарат (Аюп 14:13, 14; Жкн. 6:44). Сулайман ошондой белекке ээ болобу? Муну Жахаба гана билет, биз билбейбиз. Биз билген нерсе: Жахаба дайыма туура чечим чыгарат. w24.05 4-б., 9-абз.

Дүйшөмбү, 2-март

Мен чатырыңда түбөлүккө конок болом (Заб. 61:4).

Өмүрүбүздү Жахабага арнаганда анын каймана маанидеги чатырында конок болобуз. Биз ал жактан мол рухий тамак менен азыктанып, Жахабанын башка коноктору менен дос боло алабыз. Анын каймана маанидеги чатыры белгилүү бир жерде жайгашкан эмес. Жахабага ишенимдүү кызмат кылсак, каякта жашабайлы, анын чатырында конок боло алабыз (Аян 21:3). Ал эми Жахабанын көзү өтүп кеткен ишенимдүү кызматчылары тууралуу эмне десе болот? Алар дагы деле Жахабанын чатырындабы? Ооба! Эмне үчүн минтип айта алабыз? Анткени алар дагы деле Жахабанын эс тутумунда. Бул тууралуу Иса мындай деген: «Ал эми өлгөндөрдүн тирилерин Муса да көрсөткөн. Тикенектүү бадал жөнүндө баяндап жатып ал Жахабаны „Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайы“ деп атаган. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени ал үчүн бардыгы тирүү» (Лк. 20:37, 38). w24.06 3-б., 6, 7-абз.

Шейшемби, 3-март

Жахаба — күч-кубатым, калканым (Заб. 28:7).

Садок Хебронго колуна курал алып, керек болсо согушканга да даяр болуп барган (Жыл. 1-к. 12:38). Садок Дөөтү менен чогуу майданга аттанганга жана Ысрайылды душмандан коргогонго чечкиндүү болгон. Ал дасыккан деле жоокер болбосо керек. Бирок эр жүрөк болгон. Жөнөкөй эле дин кызматчы эмнеден улам тайманбас, эр жүрөк болуп калган? Ал анын жанында жүргөн эр жүрөк, күчтүү кишилерден үлгү алганы шексиз. Алсак, Дөөтү кайраттуу, күчтүү жоокер болгондуктан, ысрайылдыктардын баары аны колдошкон (Жыл. 1-к. 11:1, 2). Ал душмандарына каршы чыкканда дайыма Жахабага таянгандыктан тайманбас болгон (Заб. 138:3). Ошондой эле Садокко Жоят менен анын көп эрдик кылган уулу Беная жана башка 22 башчы жакшы таасир этсе керек. Алар Дөөтүнү колдошкон (Жыл. 1-к. 11:22—25; 12:26—28). w24.07 3-б., 5, 6-абз.

Шаршемби, 4-март

[Жахаба] боорукердигинен улам сага өкүнгөнгө жардам бергиси келип жатат (Рим. 2:4).

Тарстык Пабыл жаман иштерди кылган жагынан көптөрдөн ашып түшкөн. Ал Машаяктын сүйүктүү жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктаган. Шакирттердин көбү аны эч качан оңолбойт деп ойлосо керек. Бирок асманга тирилген Иса Шабылдын өзгөрө аларын жана кылган иштери үчүн өкүнөрүн билген. Ал да, Атасы да Шабылдын жакшы жактарын көргөн. Иса: «Мен аны идишим катары тандап алдым»,— деген (Элч. 9:15). Атүгүл кылган иштери үчүн өкүнсүн деп ага керемет көрсөткөн (Элч. 7:58—8:3; 9:1—9, 17—20). Исанын жолдоочусу болгондон кийин Шабыл элчи Пабыл деп белгилүү болуп калган. Ал өзүнө көрсөтүлгөн ырайым үчүн абдан ыраазы экенин көп жолу айткан (Тим. 1-к. 1:12—15). Кийинчерээк Пабыл Корунттагы жыйналышта адеп-ахлаксыз иш болгонун угат. Ошондо ал эмне кылган? Анын аларга айткандарынан Жахабанын кызматчыларын мээримдүүлүк менен оңдоп-түзөөрүн, өкүнүшсө, ырайым кылаарын көрүүгө болот. w24.08 13-б., 15, 16-абз.

Бейшемби, 5-март

Ошондуктан Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин ойрон кылыш үчүн келген (Жкн. 1-к. 3:8).

Кылымдар карыган сайын Жахаба жеткилең эмес кишилердин ага кантип жакындаса болорун айкын кыла берген. Эйдендеги козголоңдон кийин биринчилерден болуп Адам ата менен Обо эненин экинчи уулу Абыл Жахабага бекем ишенген. Ал Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана ага жакындагысы келгендиктен тартуу алып келген. Абыл койчу болгондуктан малынын төл башыларынан Жахабага курмандык чалган. Жахаба буга кандай караган? Ал «Абылды жактырып, тартуусун кабыл алган» (Башт. 4:4). Кийин Нух сыяктуу Жахабаны сүйгөн, ага таянган кишилер курмандык чалганда, Жахаба алардыкын да кабыл алган (Башт. 8:20, 21). Ушундайча ал күнөөкөр пенделер анын ырайымына ээ болуп, ага жакындай аларын көрсөткөн. w24.08 3-б., 5, 6-абз.

Жума, 6-март

Түз жолдон чыгып кете жаздадым, бутум тайып кете жаздады (Заб. 73:2).

Адилетсиздикке кабылганда жүрөгүбүз жараланары, туталанарыбыз турган иш (Нас. 7:7). Аюп, Хабакук сыяктуу Кудайдын ишенимдүү кызматчылары да ушундай сезимдерди туюшкан (Аюп 6:2, 3; Хаб. 1:1—3). Албетте, бул табигый эле нерсе. Ошентсе да адилетсиздикке туш болгондо сезимдерге алдырып, акылсыз иш кылып, жагдайыбызды ого бетер оордотуп жибергенден сак болушубуз керек. Жаман иш кылгандар жазаланбай жүргөндөй көрүнгөндө түз жүргөндөн эмне пайда деген ойлор келе башташы мүмкүн. Бир забурчу ушинтип бушайман болгон. Ал адил адамдардын эмгегин жегендердин гүлдөп-өсүп жатканын көргөндө: «Ыймансыздар ушинтип бейкапар жашайт»,— деп айткан (Заб. 73:12). Адилетсиздикке ушунчалык кейигендиктен Жахабага кызмат кылгандан пайда жок деп ойлой баштаган. Ал ушулар тууралуу ойлонуп, аябай кыйналган (Заб. 73:14, 16). w24.11 3-б., 5—7-абз.

Ишемби, 7-март

Уруулар, Жахабаны даңазалагыла, даңкы менен күч-кубаты үчүн Жахабаны алкагыла (Заб. 96:7).

Биз Жахабаны аны терең урматтагандыктан даңктайбыз. Бизде аны урматтаганга көптөгөн себептер бар. Алсак, Жахабанын кудурети чексиз, ал эмнени кааласа, ошонун баарын кыла алат (Заб. 96:4—7). Ошондой эле акылмандыгы терең. Муну анын колунан бүткөн нерселерден көрүүгө болот. Ал бизге өмүр берген жана жашообуз токтоп калбаш үчүн зарыл нерселердин баары менен камсыз кылып келет (Аян 4:11). Жахаба — берилгендигинен жазбаган Кудай (Аян 15:4). Ал сөзсүз ийгиликке жетет жана убадаларын дайыма аткарат (Жаш. 23:14). Жеремия пайгамбар Жахаба жөнүндө: «Бүт элдердин акылмандарынын арасында, алардын бүт падышалыктарында сендей эч ким жок»,— деп бекеринен айткан эмес (Жер. 10:6, 7). Ооба, асмандагы Атабызды урматтаганга бизде көптөгөн себептер бар. Бирок Жахаба урмат-сыйыбызга эле эмес, аны жакшы көрүшүбүзгө да татыктуу! Ооба, биз Жахабаны жан-дилибиз менен жакшы көргөндүктөн даңктайбыз. w25.01 3-б., 5, 6-абз.

Жекшемби, 8-март

Ыймансыз кишини араңардан чыгарып салгыла (Кор. 1-к. 5:13).

Душмандарыбыз уюмубуздун жакшы жактарын терс нерседей кылып көрсөткүсү келет. Ыйык Китептен Жахабанын өзүнүн кызматчыларынын тулку-боюн таза кармашын, адеп-ахлаксыздыктан качышын жана ага ал каалагандай жол менен сыйынышын каалаарын билебиз. Ал жаман иштерди кылып, өзгөргүсү келбегендерди жыйналыштан чыгарууну талап кылат (Кор. 1-к. 5:11, 12; 6:9, 10). Биз Ыйык Китептеги ушул буйрукка баш иебиз. Ошондуктан душмандарыбыз бизди катаал, башкалардын сезимдерин эске албаган мерез кишилер деп айыпташат. Биз ушундай чабуулдун каяктан келип жатканын баамдай билишибиз керек. Уюмубуз жөнүндө жалган маалымат тараткандардын аркасында Шайтан Ибилис турат. Анткени ал — «жалгандын атасы» (Жкн. 8:44; Башт. 3:1—5). Шайтан душмандарыбызды колдонуп, Жахабанын уюму тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратат. w24.04 10, 11-б., 13, 14-абз.

Дүйшөмбү, 9-март

Булар... сөзсүз жүзөгө ашат (Жез. 33:33).

Улуу алаамат башталгандан кийин да айрымдар «Улуу Бабылдын» жок кылынганын көрүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн ушуну мурунтан эле айтып келгенин эстеши ыктымал. Ушул окуяларды көргөндө кээ бирөөлөр Жахабага ишенип калышы мүмкүнбү? (Аян 17:5). Ошондой деле болушу мүмкүн. Мисалы, «ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар» ысрайылдыктарга кошулуп Мисирден чыгып кеткенин эстесеңер. Алардын айрымдары Муса эскерткен он жаза ишке ашырыла баштаганда Жахабага ишенип калса керек (Чыг. 12:38). Эгер Улуу Бабыл жок кылынганда да ошондой болсо, булар дүйнөнүн акырына аз калганда бизге кошула калышты деп жаман болобузбу? Түк да антпейбиз. Биз «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудайыбызды» туурагыбыз келет (Чыг. 34:6). w24.05 11-б., 12, 13-абз.

Шейшемби, 10-март

Пайдалуу сөздөргө кармана бер (Тим. 2-к. 1:13).

«Туура сөздөрдүн үлгүсүнө» карманбай калсак, эмне болушу мүмкүн? Бир мисалга токтололу. 1-кылымда Исанын жолдоочуларынын арасында Жахабанын күнү келип калганы жөнүндө сөз тарап кеткен көрүнөт. Буга көпчүлүк элчи Пабыл жазды деп ойлоп алган бир кат себеп болгон окшойт. Тесалоникадагы айрым шакирттер каттын кайдан келгенин териштирбей эле, андагы ушакка ишенип, атүгүл аны жайылта башташкан. Эгер алар Пабыл окуткан нерселерди эстешсе, алданышмак эмес (Тес. 2-к. 2:1—5). Пабыл аларга уккан нерселеринин баарына эле ишене бербеш керектигин кеңеш кылган. Анан кийин пайдасы тийиш үчүн Тесалоникалыктарга жазган экинчи катын: «Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам. Мен ушундай жазам, бул ар бир катымды айырмалап турат»,— деп жыйынтыктаган (Тес. 2-к. 3:17). w24.07 12-б., 13, 14-абз.

Шаршемби, 11-март

Туруктуу болушуңар керек (Евр. 10:36).

Жүйүт жериндеги жашоо оорлогон сайын Исанын еврей жолдоочуларынын ишеними сыналмак. Алардын айрымдары куугунтук күч алып турган кезде Исаны жолдой баштаса да, көптөрү тынч учурда чындык жолуна түшкөн. Элчи Пабыл айткандай, алар көптөгөн кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөн. Анткен менен, Исадай болуп, каны төгүлгөнчө салгылаша элек болчу (Евр. 12:4). Машаяктын жолдоочулары көбөйгөн сайын, жүйүттөрдүн каары кайнап, зордук-зомбулук көрсөтө баштаган. 40тан ашуун жүйүт: «Биз Пабылды өлтүрмөйүн оозубузга бир нерсе алсак, каргышка калабыз»,— деп ант беришкен (Элч. 22:22; 23:12—14). Элдин ушундай каршылыгына, жек көргөнүнө карабай шакирттер жыйналышка бара бериши, жакшы кабар айта бериши жана ишенимин бек сакташы керек болчу. w24.09 12-б., 15-абз.

Бейшемби, 12-март

Иса... энесине: «Мына, эми бул сиздин уулуңуз болот!» — деди (Жкн. 19:26).

Жакан Иса Машаяктын жакшы көргөн элчиси болгон (Мт. 10:2). Ал Исаны коштоп жүргөн, анын көптөгөн кереметтерине күбө болгон. Оор учурда да жанында болгон. Жакан Исанын устунга кадалганын, кийин тирилгенин көргөн. Ошондой эле 1-кылымдагы Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышынын өскөнүнө жана жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганына» күбө болгон (Кол. 1:23). Жакан 100гө таяп калганда, Жахаба ага бир сыймыктуу иш тапшырган. Ал ыйык рухтун жетеги менен Иса Машаяктын укмуштуудай аянын жазган (Аян 1:1). Ошондой эле өзүнүн аты менен аталган Инжилди жана 3 катты жазган. Үчүнчү катын уулундай көргөн Гайга жолдогон (Жкн. 3-к. 1). Ал ишенимдүү карыянын жазгандары Машаяктын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларынын баарына дем-шык берет. w24.11 12-б., 15, 16-абз.

Жума, 13-март

Силер, күйөөлөр,.. аялыңар[ды]... кадырлап-сыйлагыла (Пет. 1-к. 3:7).

Аялын сүйгөн эркек аны баалайт жана ардактайт. Ошондой эле зайыбын Жахаба берген баа жеткис белек деп эсептейт (Накыл 18:22; 31:10). Ошол себептен атүгүл эч ким көрбөгөн учурда, анын ичинде жыныстык мамиледе болгондо да анын кадырын түшүрбөй, аярлап, назик мамиле кылат. Аялына жакпаган, аны өзүн басынтылгандай сездирген же абийирине туура келбеген ыпылас иштерди кылганга мажбурлабайт. Андай күйөө өзү да Жахабанын алдында абийирин таза сактаганга бүт күчүн жумшайт (Элч. 24:16). Күйөөлөр, Жахабанын аялыңарды кадырлап-сыйлаш үчүн кылып жаткан бардык аракетиңерди көрүп турарынан жана баалаарынан шектенбесеңер болот. Аялыңарды кадырлап-сыйлаарыңарды аны басынта турган иштерден качып, аярлап, урматтап, жүрөгүн жылыткан нерселерди кылып көрсөтө бергиле. Ошентсеңер, зайыбыңарды сүйөрүңөрдү жана жогору баалаарыңарды далилдейсиңер. Аялыңарды кадырлап-сыйласаңар, эң маанилүү нерсени — Жахаба менен болгон достугуңарды — сактай аласыңар (Заб. 25:14). w25.01 13-б., 17, 18-абз.

Ишемби, 14-март

Машаяк бизди... арылтып, тазалап, жакшы иштерди кылганга ынталуу эли кылыш үчүн, өзгөчө энчиси кылыш үчүн, өз өмүрүн берген (Тит 2:14).

Жахабанын кызматчылары жакшы кабарды ынталуу жарыялаганга дилгир. Алар буга бүт күчүн жумшашат. Так ушунусу менен Машаяктын жолдоочусубуз деп атангандардан айырмаланышат. Жакшы кабарды ынталуу айта бергенге, керек болсо андан бетер ынталуу болгонго эмне жардам берет? Ушул жагынан Исанын үлгүсүн карап чыкканыбыз бизге ынталуу кабар айтканга жардам берет. Иса эч качан ынтасын сууткан эмес. Ал тургай убакыттын өтүшү менен ого бетер жалындап кызмат кылган. Үч жыл бою анжир дарагын өстүрүп, бирок эч кандай түшүм албаган жүзүмчүгө окшоп, Иса жүйүттөргө үч жылдай кабар айткан. Бирок алардын көбү айткан кабарына кулак каккан эмес. Анжирди кыйып салбаган жүзүмчүдөй болуп, Иса да элден түңүлбөй кабар айта берген, атүгүл алардын жүрөгүн козгогонго андан бетер күч жумшаган (Лк. 13:6—9). Эгер анын эмнелерди үйрөткөнү жана эмнелерди кылганы жөнүндө көбүрөөк билсек, биз да ынталуу боло алабыз. w25.03 14, 15-б., 1—4-абз.

Жекшемби, 15-март

Баамчыл киши акыл менен иш кылат (Накыл 13:16).

Сага жакшы жар боло турган бирөөнү таптың дейли. Сезимдериңди дароо эле билдиришиң керекпи? Ыйык Китепте баамчыл киши бир нерсе кылардан мурун акыл калчаары айтылат. Андыктан жүрөгүңдү ээлеп алган кишини ага билгизбей бир канча убакыт байкап көргөнүң акылдуулукка жатат. Канткенде жактырып калган кишиңди тымызын байкап көрсөң болот? Жыйналыштан же башкалар менен чогулганда көңүлүң түшкөн кишинин рухийлигин, жүрүм-турумун, кандай адам экенин биле аласың. Анын достору кимдер жана көбүнчө эмне тууралуу сүйлөшөт? (Лк. 6:45). Анын максаттары сеникине төп келеби? Ал тууралуу аксакалдарынан же аны жакшы тааныган жана рухий жактан жетилген кимдир бирөөдөн сурап көрсөң болот (Накыл 20:18). Мисалы, эл алдында кандай атка ээ экенин жана кандай сапаттары бар экенин сура (Рут 2:11). Көңүлүңө төп келген кишини байкап жүргөндө аны ыңгайсыз абалда калтыра турган нерселерден алыс бол. Сезимдерин эске ал. Ал тууралуу көбүрөөк билем деп жатып жеке жашоосуна кийлигишип кетпе. w24.05 22-б., 7, 8-абз.

Дүйшөмбү, 16-март

Акыры күнөөмдү сага ачык айттым (Заб. 32:5).

Исаны туураган аксакалдар күнөө кылган кишини өкүнбөйт деп дароо эле тыянак чыгарып койбойт. Айрымдар аксакалдар менен биринчи жолу жолукканда эле өкүнсө, башкаларына көбүрөөк убакыт керек болушу мүмкүн. Ошондуктан алар менен бир нече ирет жолукканга туура келиши ыктымал. Балким, жаза басып алган киши биринчи жолугушуудан кийин уккандары тууралуу кылдат ойлоноттур. Анан Жахабадан кечирим сурап, жалындуу тилениши мүмкүн (Заб. 38:18). Ошентип, ал кийинки жолкусунда башкача ой жүгүртүп калышы ыктымал. Күнөө кылып алган кишиге өкүнгөнгө түрткү бериш үчүн аксакалдар боорукер болуп, аны түшүнгөнгө аракет кылышы керек. Алар Жахабадан күч-аракетине батасын беришин сурап тиленишет. Ак жолдон тайып кеткен ишенимдешинин акылына келип, өкүнөрүнөн үмүт үзүшпөйт (Тим. 2-к. 2:25, 26). w24.08 22, 23-б., 12, 13-абз.

Шейшемби, 17-март

«Мен эч кимдин өлгөнүнө сүйүнбөйм,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ошондуктан жолуңардан кайткыла да, жашагыла» (Жез. 18:32).

Жахаба эч кимдин өлүшүн каалабайт! Ал күнөөкөрлөрдүн аны менен элдешишин каалайт (Кор. 2-к. 5:20). Тарых тастыктагандай, Жахаба тоң моюн элин же кызматчыларын ага кайтып келгенге кайра-кайра үндөгөн. Күнөө кылган кишиге өкүнгөнгө жардам бергенде аксакалдар Жахаба менен кызматташат. Бул кандай гана чоң сыймык! (Рим. 2:4; Кор. 1-к. 3:9). Күнөө кылып алгандар өкүнгөндө, асманда кандай гана чоң кубаныч болорун элестетсеңер! Жоголгон кою жыйналышка кайтып келгенде, асмандагы Атабыз Жахаба аябай сүйүнөт. Жахабанын боорукердиги, ырайымы, мээримдүүлүгү жөнүндө ой жүгүрткөн сайын ага болгон сүйүүбүз тереңдей берет (Лк. 1:78). w24.08 31-б., 16, 17-абз.

Шаршемби, 18-март

Иса алардын келип, аны зордоп падыша кылганы жатышканын билгенде кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калды (Жкн. 6:15).

Эгер Иса элдин аны падыша кылышына жол берип койсо, анда римдиктердин бийлиги алдындагы жүйүттөрдүн саясатына аралашып кетмек. Ошон үчүн ал буйдалбастан «тоого кетип калган». Ооба, ал кысымга алдырып, саясатка аралашып кеткен эмес. Бул биз үчүн кандай гана сонун үлгү! Албетте, эч ким бизден керемет жолу менен элдин курсагын тойгузууну, оорулууларды айыктырууну же башкаруучу болууну суранбайт. Бирок башкалар кайсы бир саясатчыга үмүт артып, бизди да ага добуш бергенге кысым көрсөтүшү ыктымал. Мындайда Исаны эстегенибиз маанилүү. Ал саясий иштерге аралашкандан баш тартып, кийинчерээк: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп ачык эле айткан (Жкн. 17:14; 18:36). Биз Исадан үлгү алгандыктан, ага окшоп ой жүгүртүп, ага окшоп иш кылабыз. Ошондой эле ал башкарган Падышалыкты колдойбуз, ошол тууралуу башкаларга айтабыз жана анын келишин сурап тиленебиз (Мт. 6:10). w24.12 4-б., 5, 6-абз.

Бейшемби, 19-март

Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт. Ал эми мени сүйгөндү Атам да сүйөт. Аны мен да сүйөм, ага өзүмдү таанытам (Жкн. 14:21).

Изилдөө учурунда: «Муну кантип колдонсом болот?» — деп да ойлонгула. Мисалы, Жахабадай адилеттүү болгуңар келсе, башкаларга калыс мамиле кылгыла. Атасын жана башкаларды жакшы көргөн Исадан үлгү алгыла. Алсак, Жахабанын ысмы үчүн кордук көргөнгө же ишенимдештериңерге жардам бериш үчүн көп нерседен кечкенге даяр болгула. Ошондой эле Жахабанын баа жеткис белегинен башкалар да пайда алышы үчүн Исаны туурап, аларга кабар айткыла. Кун жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, Жахабаны жана Уулун ошончолук жакшы көрө беребиз. Өз кезегинде, алар да бизди жакшы көрө берет (Жкп. 4:8). Келгиле, мындан ары да Ыйык Китепте жана адабияттарыбызда кун жөнүндө айтылгандарды көбүрөөк окуп-изилдей берели. w25.01 25-б., 16, 17-абз.

Жума, 20-март

Күнөөмдүн баарын артыңа ыргыттың (Ыш. 38:17).

Бүгүнкү күнгө берилген аяттардагы сөздөрдү: «Көрбөш үчүн күнөөмдүн баарын көз алдыңан алып салдың»,— деп да которсо болот. Бул Жахабанын, эгер өкүнсөк, күнөөлөрүбүздү көз алдынан алып таштап, кайра карабай турганын билдирет. Башкача айтканда, Хискиянын сөздөрүн: «Күнөөлөрүмдү кылынбагандай эле эсептедиң»,— деп да берсе болот. Микей 7:18, 19да ушул ой дагы башка каймана сөздөр менен баса белгиленген. Ал жакта Жахаба күнөөлөрүбүздү «деңиздин түбүнө ыргытып жибергендей» сүрөттөлгөн. Байыркы учурда деңиздин түбүнө түшкөн нерсени кайра алып чыгыш мүмкүн эмес болчу. Жогорудан Жахаба бизди кечиргенде күнөөнүн оор жүгүн алып таштаарын билдик. Чынында эле, Дөөтү айткандай, «мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жуулгандар бактылуу» (Рим. 4:7). Мына, «чындап кечирүү» деген ушуну билдирет. w25.02 9-б., 7, 8-абз.

Ишемби, 21-март

Мен жаратып жаткан нерселерди карап шаттангыла, түбөлүккө кубангыла (Ыш. 65:18).

Бүгүнкү күндө миллиондогон адамдар тынчтык өкүм сүргөн бейиште жашап жатышат. Алар дайыма жакшылык кылганга умтулат жана ошол бейиштен чыкпаш бүт күчүн жумшашат. Ал эле эмес, мүмкүн болушунча көптөрдүн ошол бейиште жашашын каалашат. Ал эмне болгон бейиш? Ал — рухий бейиш. Жахаба Шайтандын жек көрүүчүлүккө, ырайымсыздыкка толгон дүйнөсүндө тынчтык жана биримдик өкүм сүргөн рухий бейишти жараткан. Муну керемет десе болот! (Жкн. 1-к. 5:19; Аян 12:12). Мээримдүү Кудайыбыз азыркы дүйнөдө жашоо канчалык оор экенин көрүп турат. Ошондой эле кызматчылары ага кубанып кызмат кылып, өздөрүн коопсуз сезишине шарт түзүп берип жатат. Анын Сөзүндө рухий бейиш аптаптан коргогон «алачыкка» жана «жакшы сугарылган бакка» салыштырылган (Ыш. 4:6; 58:11). Жахаба батасын бергендиктен рухий бейиште жашагандар, атүгүл азыркы акыркы оор күндөрдө да, гүлдөп-өсүп, коопсуз жашап жатышат (Ыш. 54:14; Тим. 2-к. 3:1). w24.04 20-б., 1, 2-абз.

Жекшемби, 22-март

Бардык жагдайда андан жетектешин... сурангыла (Флп. 4:6).

Түтүн булатам деген оюң бар болсо, Жахабадан: «Ылайыктуу жар тапканга жардам берчи»,— деп тиленип жатканың шексиз. Албетте, Жахаба жар издегендердин баарына ылайыктуу түгөй таап берем деп убада бербейт. Бирок ал сенин муктаждыктарыңды, сезимдериңди эске алып, сага түбөлүк шерик тапканга көмөк кылышы мүмкүн. Андыктан ага каалооңду, сезимдериңди айта бер (Заб. 62:8). Чыдамдуулук, акылмандык сурап тилен (Жкп. 1:5). Сүйгөн кишиңди көпкө издеш керек болуп калса, Жахабанын сага кам көрөрүнөн, сүйүүсүнө бөлөөрүнөн такыр шектенбе (Заб. 55:22). Эскерте кетчү нерсе, эси-дартыңдын баары эле өмүрлүк жар табуу болуп калбасын (Флп. 1:10). Анткени бакыт үй-бүлө кургандан же курбагандан эмес, Жахаба менен болгон мамилеңден көз каранды (Мт. 5:3). Анын үстүнө, бойдок кезде Жахабага кызмат кылганга көбүрөөк убакыт болот (Кор. 1-к. 7:32, 33). Ошол убакытты жакшы колдон. w24.05 21-б., 4-абз.; 22-б., 6-абз.

Дүйшөмбү, 23-март

Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыгын ойлогула (Флп. 2:4).

Кыз-жигит болуп канча убакытка чейин сүйлөшүшүңөр керек? Шашып чечим чыгарганда көп учурда аркасы кесепеттүү болуп калат (Накыл 21:5). Ошондуктан бири бириңерди жакшы билип калганга чейин сүйлөшкөнүңөр оң. Бирок өтө эле созуп жүрө бербегиле. Анткени Ыйык Китепте: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат»,— делет (Накыл 13:12). Сүйлөшүп жүргөндөрдү кантип колдой алабыз? Аларды тамакка, үй-бүлө менен сыйынууга же эс алып келгенге чакырсак болот (Рим. 12:13). Балким, аларга үчүнчү киши болуп жанында жүрүүнү же машине менен бир жакка алып барып келүүнү сунуштайттырсыңар. Же үйүңөргө чакырып, өздөрүнчө сүйлөшүп алышына шарт түзүп береттирсиңер (Гал. 6:10). Эгер силерди кимдир бирөө үчүнчү киши кылып чакырса, муну сыймык катары көргүлө. Андайда кыраакы болуп, аларга өздөрүнчө сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк бергиле. Ошол эле учурда экөөнү таптакыр обочо калтырып койбогула. w24.05 30-б., 13, 14-абз.

Шейшемби, 24-март

Ага өкүнгөнгө убакыт бергем (Аян 2:21).

Аксакалдар күнөөгө эмне себеп болгонун аныктаганга аракет кылат. Мисалы, күнөө кылып алган жарчы өздүк изилдөө кылбай, кызматка чыкпай жүрө берип, бара-бара рухий жактан алсырап кеткенби? Жахабадан анда-санда же үстүртөн эле тиленип калганбы? Жаман каалоолорун басканга аракет кылганбы? Көбүнчө кимдер менен чогуу жүрчү? Кантип көңүл аччу? Булар анын көз карашына, каалоолоруна кандай таасир эткен? Ал кылган ишинин асмандагы Атасы Жахабанын жүрөгүн канчалык оорутканын түшүнөбү? Аксакалдар ага ушу сыяктуу ойлонгонго түрткү берген суроолорду жумшактык менен берип, Жахаба менен болгон мамилесинин солгундашына, күнөө кылышына эмне себеп болгонун түшүнгөнгө жардам бере алат. Ошол эле учурда териштирип жаткан ишке тиешеси жок жеке маалыматтарын сурабай эле койгону оң (Накыл 20:5). Андан тышкары, алар анын кылган иши эмне үчүн туура эмес экени жөнүндө ой жүгүрткөнгө жардам бериш үчүн мисал айтып берсе болот. Күнөө кетирип алган киши аксакалдар менен биринчи жолу жолукканда эле кылган иши үчүн кайгырышы, атүгүл өкүнүшү ыктымал. w24.08 22-б., 9—11-абз.

Шаршемби, 25-март

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем (Лк. 4:43).

Иса «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» ынталуу жарыялаган. Анткени бул Кудайдын эрки экенин билген. Иса ошол кызматты жашоосунда биринчи орунга койгон. Атүгүл жердеги кызматы соңуна чыгып баратканда да, «шаарлар менен айыл-кыштактарды кыдырып, элди окуткан» (Лк. 13:22). Ошондой эле көп шакирттерди жакшы кабарды таратканга окутуп-үйрөткөн (Лк. 10:1). Исанын күндөрүндөгүдөй эле, Жахаба менен Иса кабар айтуу ишинин бүгүнкү күндө да биз үчүн эң маанилүү иш болушун каалайт (Мт. 24:14; 28:19, 20). Башкаларга Жахаба карагандай карасак, ынталуу кабар айта алабыз. Ал мүмкүн болушунча көп адамдардын жакшы кабарды угуп, өмүр алышын каалайт (Тим. 1-к. 2:3, 4). Ошондуктан бизди кабарды адамдардын жүрөгүнө жеткире айтканга үйрөтүп жатат. Атүгүл айрымдар азырынча иш-аракет кылбаса да, улуу алаамат аяктагыча аларда туура чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. w25.03 15, 16-б., 5—7-абз.

Бейшемби, 26-март

Себеби аны менен саламдашкан адам анын жаман иштерине ортоктош болуп калат (Жкн. 2-к. 11).

Жыйналыштан чыгарылган кишиге Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизге жараша мамиле кылабыз. Айрымдар андай киши жыйналышка келгенде учурашышы же тосуп алышы мүмкүн. Бирок бул ал киши менен кечке сүйлөшүүнү же мамилелешүүнү билдирбейт. Айрымдар: «Ыйык Китепте ошондой киши менен учурашкандар анын күнөөсүнө ортоктош болот»,— деп айтылбады беле деши мүмкүн (Жкн. 2-к. 9—11). Контексттен көрүнүп тургандай, бул аят чындыктан четтегендерге жана ыпылас иштерди жактагандарга тиешелүү (Аян 2:20). Андыктан, эгер кимдир бирөө чындыктан четтегендердин окууларын жайылтканын же туура эмес иштерди жактаганын токтотпосо, аксакалдар алар менен жолукпайт. Албетте, андайлар акылына келет деп үмүттөнөбүз. Бирок ага чейин алар менен учурашпайбыз, жыйналышка да чакырбайбыз. w24.08 30, 31-б., 14, 15-абз.

Жума, 27-март

Аларга муну түшүнүш кыйын болчу (Мр. 6:52).

Калың элди тойгузгандан кийин Иса элчилерине кайыкка отуруп Капернаумга барууну буйруйт. Өзү болсо элдин аны падыша кылгысы келип жатканын билип, жалгыз тоого кетип калат (Жкн. 6:16—20). Элчилер кайык менен сүзүп баратканда катуу шамал башталып, деңиз толкуй баштайт. Бир маалда алар Исанын суунун үстү менен аларды көздөй басып келатканын көрүшөт. Анан Петир сурангандыктан, Иса аны суунун үстү менен басып келүүгө чакырат (Мт. 14:22—31). Андан кийин Иса кайыкка отуруп, деңизди тынчтандырат. Муну көргөндө шакирттери таң калып: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң»,— деп айтышат (Мт. 14:33). Кызыктуусу, шакирттер бул сөздөрдү Иса элди ага чейин керемет жолу менен тойгузганда эмес, ушул кереметин көргөндөн кийин айткан. Марк да ушул окуяга байланыштуу: «Шакирттер буга аябай таң калып жатышты. Себеби алар нанга байланыштуу кереметтин маанисин дагы деле түшүнө элек эле»,— деп кошумчалаган (Мр. 6:50—52). Ооба, алар Жахабанын Исага ар кандай кереметтерди кылганга күч бергенин түшүнө элек болчу. w24.12 5-б., 7-абз.

Ишемби, 28-март

Кудай ар кандай адамдардын туура окууларды так билишин жана куткарылышын каалайт (Тим. 1-к. 2:4).

Биз Жахабанын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди көрсөтө алабыз. Ан үчүн Эскерүү кечесине чейинки жана андан кийинки жумаларда Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Эскерүү кечесине өзүбүз да катышканга аракет кылгандан тышкары, башкаларды да чакырсак болот. Чакырган кишиңерге анын кантип өтөрүн түшүндүрүп бергиле. Балким, ага jw.org сайтындагы «Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?» жана «Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү» деген видеолорду көрсөтөттүрсүңөр. Аксакалдар, жигердүү эмес болуп калгандарды чакырганды унутпагыла. Жахабанын жоголгон койлорунун бири оторуна кайтып келгенде, асманда да, жерде да чоң кубаныч болорун элестетип көрсөңөр! (Лк. 15:4—7). Эскерүү кечесине барганда бири бириңерге эле эмес, жаңы келгендерге же жыйналышка көптөн бери келе электерге көңүл бургула. Аларды жылуу тосуп алгыла (Рим. 12:13). w25.01 29-б., 15-абз.

Жекшемби, 29-март

Кудай бизди сүйүп, өз Уулун күнөөлөрүбүздү жууй турган, өзү менен элдештире турган курмандык катары жиберген» (Жкн. 1-к. 4:10).

Кун төлөгөнүнөн Жахабанын адилеттүүлүгүн эле эмес, анын сүйүүсүнүн канчалык күчтүү экенин да көрө алабыз (Жкн. 3:16; Жкн. 1-к. 4:9, 10). Кун жөнүндөгү окуу Жахабанын бизди түбөлүк өмүр сүрүшүбүздү эле эмес, анын чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушубузду да каалаарын көрсөтүп турат. Ойлонуп көрсөңөр: Адам ата күнөө кылганда Жахабанын үй-бүлөсүнөн чыгарылып калган. Ошонун айынан баарыбыз тең төрөлгөндөн тартып эле Кудайдын үй-бүлөсүнө кирбей калганбыз. Бирок кундун негизинде Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирип, ага ишенген жана баш ийгендердин баары келечекте анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушуна жол ачкан. Атүгүл азыртан эле Жахаба менен да, ишенимдештерибиз менен да ынак мамиледе боло алабыз. Чынында эле, ушунун баары Жахабанын назик сүйүүсүнүн аркасында мүмкүн болууда (Рим. 5:10, 11). w25.01 21-б., 6-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (9-нисан, күндүз болгон окуялар) Жакан 12:12—19; Марк 11:1—11

Дүйшөмбү, 30-март

[Кудай] бизди сүйөрүн ушинтип көрсөткөн (Жкн. 1-к. 4:9).

Баарыбыз эле кундун сөз менен айтып жеткире алгыс белек экенине кошулабыз (Кор. 2-к. 9:15). Иса өз өмүрүн курмандыкка бергендиктен, биз Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алабыз. Ошондой эле түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээбиз. Андыктан сүйүүсүнөн улам кун төлөгөн Жахабага ыраазычылык билдиргенибиз кандай гана орундуу! (Рим. 5:8). Кунду боло жүргөн нерсе катары көрүп калбаш үчүн жана ал үчүн дайыма ыраазычылык билдирип туруш үчүн Иса анын өлүмүн жыл сайын эскерип турууну буйруган (Лк. 22:19, 20). Быйыл Эскерүү кечеси 2-апрелде, бейшемби күнү, белгиленет. Баарыбыздын тең ага катышууну ойлонуштуруп жатканыбызга шек жок. Эскерүү кечесинин алдындагы жана андан кийинки жумаларда Жахабанын жана Уулунун биз үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүрткөнгө убакыт тапсак, чоң пайда алабыз. w25.01 20-б., 1, 2-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (10-нисан, күндүз болгон окуялар) Жакан 12:20—50

Шейшемби, 31-март

Күмүштү эмес, акыл-насаатымды тандагыла, таза алтынды эмес, билимди тандагыла» (Накыл 8:10).

Эгер Жахаба Кудайдын жана Машаяк Исанын көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө дайыма ой жүгүртүп турсаңар, дагы көп нерсени биле бересиңер. Балким, Эскерүү кечесине чейинки жана андан кийинки жумаларда бир же эки Инжилди кылдат окуп чыгаттырсыңар. Бир отурганда эле көп бөлүм окуганга аракет кылбагыла. Анын ордуна бир саамга токтоп, Жахаба менен Исаны эмне үчүн жакшы көрүшүбүз керектигинин дагы башка себептерин издеп көргүлө. Эгер чындык жолунда көп жылдан бери жүргөн болсоңор: «Кудайдын адилеттүүлүгү, сүйүүсү жана кун жөнүндө дагы башка жаңы нерселерди билсе болобу?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Чын-чынында, ушул жана башка темаларды өмүр бою изилдесек да, аягына чыкпайбыз. Ошону үчүн Адабияттарыбызды казып изилдегиле. w25.01 24, 25-б., 13—15-абз.

Эскерүү кечесине байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (11-нисан, күндүз болгон окуялар) Лука 21:1—36

    Кыргызча адабияттар (1997-2026)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2026 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү